БИШКЕК. Кыргыз темир жолчулары президент Курманбек Бакиевге бул тармактагы кадр саясатына, коррупциялашкан абалга чек коюу өтүнүчү менен кайрылып жатканын “Темир жолчулардын укугун коргоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Эрнис Докенов 5-декабрда “АКИпресс” агентигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, башкармалыктын жетекчиси Кыдыкбек Исаевдин бул кызматка жаңы келгенде айткан маяны көтөрүү, вагондорду жаңылоо сыяктуу убадалары ишке ашкан жок жана паракордук 2-3 эсеге көбөйүп кеткен. Эрнис Докенов ошондой эле учурда бул тармак президенттин админстрациясына баш ийээрин, андыктан мындай абал уланып жатышы мунун президенттик админстрацияга ыңгайлуу экенинен кабар берет деген пикирин билдирди. Маалымат жыйынында белгилүү болгондой нааразы темир жолчулар дале башкармалыкка адис адамды дайындоо талабынан кайтыша элек.
Ал эми Темир жол башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Исаев коррупцияны аз убакытта жоюу мүмкүн эместигин, эмгек акылар мурдагыдан 20-30 пайызга чейин көтөрүлгөнүн, Эрнис Докенов тарабында башкармалыктагы беш миң чамалуу кызматкердин 10-15 чактысы гана бар экенин ушул эле күнү “Азаттыкка” билдирди.