Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

КӨЧҮП КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАРАНДЫК АЛУУ КЫЙЫНЧЫЛЫГЫ АЗАЙДЫ


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрынан тартып өз күчүнө кирди. Эми бир нече жылдан бери жарандыгын ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын абалы бир кыйла жеңилдейт.

Учурда Кыргызстанда Тажикстандан келген 10 миңден ашуун этникалык кыргыздар бар. Тажикстандагы жаңжалдан качып келишкен этникалык кыргыздардын эң эле орчундуу көйгөйлөрүнүн бири- Кыргызстан жарандыгын алуу маселеси болуп саналат. Жарандыктын жоктугу жумушка кирүүдө, балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн алууда, никени каттоодо, кыймылсыз мүлктү сатууда же болбосо сатып алууда көптөгөн кыйынчылыктарды туудурат.

Биздин фонд Тажикстандан келген этникалык кыргыздар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Алардын суранганы-жарандыкты алуу маселесин чечип берүү. Анткени алар медициналык жактан жардам алууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Мындан тышкары балдардын көбүнүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок, алардын билим алуусу да чоң маселе,- деди Миграция фондусунун башчысы Алмаз Асанбаев

Ал эми этникалык кыргыздардын кызыкчылыктарын колдоп келген “Адат” бейөкмөт уюумунун лидери Нимон Абдысатаров кыргыз жарандыгын ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын абалы тууралуу мындай деди:

Мен өзүм Кыргызстанга Тажикстандан 1995-жылы келгем. Мен жарандыкты алгам, бирок жубайым ушул күнгө чейин ала албай жүрөт. Ал эми паспорту жок этникалык кыргыздардын абалы өтө оор, алар кандайдыр бир мүлктү сатып алууга, аны сатууга укугу жок. Шаарга да бара алышпайт, анткени эч кандай документтери жок.

Тажикстандан жана Өзбекстандан келген дагы миңдеген этникалык кыргыздар мына ушундай абалда жашоодо. Алар өздөрүн укуксуз жана тагдырдын жолунда колдоосуз калгандай сезишет.

1994-жылы суверендүү Тажикстандын баш мыйзамы кабыл алынгандан кийин тажикстандык мекендештердин кыргыз жарандыгын алуу өнөктүгү бир кыйла оорлогон, анткени алар биринчи Тажикстандын жарандыгынан чыгып, анан кийин Кыргызстандын жарандыгын алышы керек. Эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, бир өлкөнүн жарандыгынан чыгып, башка жарандыкты алуу көптөгөн каржатты талап кылат жана узак мөөнөткө созулат.

Мына ушул маселени чечүүдө эки мамлекет тараптан жарандыкты алууну өнөктүгүн жеңилдетүү боюнча атайын келишимдин долбоору иштелип чыгып, 2004-жылы 26-майда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган. Ал эми 2005-жылы12-июлда бул келишим парламент тарабынан ратификацияланган .
Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Досмир Узбековдун билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында бул келишим күчүнө кирди:

30-ноябрда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйтүлгөн тартиби дөнүндө макулдашуу өз кучунө кири. Эми жарандыгы жок этникалык кыргыздар тиешелүү органдарга барып, арыз жазып 3 айдын ичинде кыргыз жарандыгын ала алышат. Биз да Тажикстандагы кыргыз элчилигине кайрылабыз, алар керектүү документтерди бизге жиберишет, ошонун негизинде биз бардыгын текшерип жарандык алуу маселесин чече баштайбыз.

Тажикстандан келген кыргыз атуулдарына Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйтүлгөн тартипте бериле тургандыгын Досмир Узбеков айтса, паспорт жана виза маселеси боюнча башкармалыктын жетекчиси Эркин Арапбаев кыргыз жарандыгын алуунун эрежелерине токтолду:

Жарандыкты алуу үчүн мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арызды, паспортту жана жарандын ким экендигин тастыктаган документти, жарандыкты алуу жөнүндө арызды,2 сүрөттү жашаган жери боюнча паспорт структураларына тапшыруусу зарыл. Жарандык алуу өнөктүгү 3 айдын ичинде чечилиши керек.

Тарыхый жана башка себептерден улам өз мекенинен сырткары жашап келаткан кыргыздарТышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда 600миңге жакын.

XS
SM
MD
LG