ОШ. Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жашаган лөлүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча долбоор иштей баштады.Бул боюнча Фергана АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жогоруда аталган долбоордун демилгечилери катары чыгышкан "Биздин укук" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү билдирүү таркатышты. Лөлүлөр коомунун мүчөсү Сахид Ахмедияров учурда "Биздин укук" коомдук бирикмесинин укук коргоочулары тарабынан лөлүлөргө укук милдеттерди үйрөтүү боюнча иш чаралар жүргүзүлө баштагандыгын билдирди. "Балдарды сактагыла" уюмунун маалыматына караганда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында 2584 лөлү жашайт. Алардын 70 пайызга жакынын жаш балдар түзөт. Иликтөөгө алынган үй-бүлөлөрдүн 60 пайыздан ашууну мамлекеттик жөлөк пул жана пенсия алышпайт. Көпчүлүк лөлүлөрдүн атуулдугун жана өздүгүн аныктаган документтери жок.