Европа парламенти бүгүн террорго каршы күрөш боюнча мыйзам кабыл алды. Анда телекоммуникациялык компаниялар атайын кызматтардын талабы боюнча сегиз ай мурун болгон телефон чалуулар, интернеттеги даректер тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилди.Мыйзам келерки жылдан баштап күчүнө кирмекчи.