Ооганстандын Кандагар аймагында талиптер менен кагылышууда америкалык бир аскер окко учту. Маалыматка караганда, атышууда бир талип жоокери да набыт болгон. Дүйшөмбү күнү ушул эле Кандагар аймагында мина жарылышынан коалициянын төрт жоокери жарадар болгон.