Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

«Евразия» базарында өрт чыкты


БИШКЕК. 21-декабрда кечки саат тогуздарда Бишкектеги «Дордой» соода комплексинин аймагында жайгашкан «Евразия» базарында өрт чыкты. Анын натыйжасында жалпы аянты 70 чарчы метрдеги 2 павильон күйүп кеткен. Өрт бир жарым саатта өчүрүлгөн. Учурда анын себептери жана чыгымдар такталууда. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абибилла Пазыловдун айтымында, акыркы убакта өлкөдө ири өрт кырсыктары көбөйүүдө. Буга «Дастан» АКсындагы, «Дордой» базарындагы өрт кырсыктарын айтса болот. Өткөн жуманын ичинде эле 70 өрт кырсыгы катталган. Ушундан улам чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков мекеме-ишкана башчыларына өрткө каршы коопсуздук чараларын сактоону талап кылууну күчөтүү милдетин койду.

XS
SM
MD
LG