Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:09

Оштогу өзбек качкындарына качкын макамы берилбесе өз өлкөсүнө кайтарылат


БИШКЕК. Оштогу убактылуу тергөө абагындагы Өзбекстандын 4 атуулуна Миграция комитети качкын макамын берүүдөн баш тартса, алар Өзбекстанга кайтарылып берилет. Бул тууралуу Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев 27-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Май айында Өзбекстандагы Анжиан шаарындагы болгон кандуу окуяда Кыргызстанга качып келишкен 450 ашуун өзбек атуулдары качкын макамын алышып, Европа өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилген. Ал эми 4 атуулга Анжиян окуясына чейин эле оор кылмыш кылышкан делип шектелип, кылмыш иши козголгондугу үчүн качкын макамы берилбей Оштогу убактылуу тергөө абагында камоодо жатат.

XS
SM
MD
LG