Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

БИЛЛ ГЕЙТС- ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АДАМЫ


Жаныл Жусупжан кызы, Прага Эгер Кока-коланын жаңы түрү ойлоп чыгарылса, ал дүйнөнүн булуң-бурчунда эртеси эле сатыкка түшөт, ал эми өмүргө коркунуч келтирген ооруну эмдөөчү вакцина табылса, ал айрым өлкөлөргө 15 жылда араң жетет. Мындай узак убакытты кыскартуу максатына миллиондогон доллар каражатын сарптаган Microsoft фирмасынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, анын жубайы жакында, рок-ырчысы Боно менен бирге, Таймс гезити тарабынан "жылдын эң мыкты кишилери" деп табылды.

Көк жөтөл сыяктуу дем алуу органдарынын жугуштуу оорулары Борбор Азияда жаш балдардын арасындагы өлүмдүн башкы себептеринин бири. 2000-жылы сатыкка түшкөн Превнар вакцинасы көк жөтөлдү пайда кылган бактерияны алдын алууда жакшы натыйжа берет. Бирок анын баасы бала башына 150-180 доллар болгондуктан, АКШ менен Батыш Европадан башка жакта ал көп колдонулбай келет.

Билл жана Мелинда Гейтс Кору вакцина бай өлкөлөрдө колдонулгандан жарды өлкөлөргө жеткенге чейинки убакытты кыскартуунун үстүнөн иштейт. Бул тууралуу Вашингтондо жайгашкан Дүйнөлүк Өнүгүү Борборунун өкүлү Рус Левин мындай дейт:

- Гейтс Кору жаш балдарды эмдөө маселесин кайра көтөрдү. Эмдөө жаш балдарды өлүмгө кириптер кылган негизги факторлорду четтетте алат. Бул - алардын өмүрүн сактап калуучу саналуу жолдордун бири.

Билл жана Мелинде Гейтс Кору дүйнөдөгү эң бай соопчулук кору деп саналат. Ал 2005-жылы балдардын эмдөөсүн жакшыртууга, жаңы вакциналардын колдонууга киргизилишин тездетүүгө жана вакциналарды жеткирүү системасын жөнгө салууга 750 миллион доллар бөлдү. Маселеге Билл Гейтс жакында өзү мындайча кайрылды:

Жыл сайын 30 миллион бала эмделүүгө тийиш, бирок аларга вакцина жок. Бул көрүнбөгөн көйгөй, анткени бир бала мында чарчап калат, бир бала башка жакта жарык дүйнө менен кош айтышат, ошондуктан бизге байкалбайт. Анын үстүнө бул өлүм бизден алыс жактарда, негизинен Азияда жана Африкада орун алат.

Мурдагы советтик өлкөлөрдө жаш балдарды эмдөө бир топ дурус жолго коюлган, бирок көк жөтөлдү алдын алуучу Превнар бул жакка жете элек, качан жетээри да белгисиз. Доктор Марк Кейн - Саламаттыкты Сактоодогу Зарыл технологиялар Программасынын иммунизация боюнча адиси, бул программа жакында Гейтс Корунан 25 миллион доллар алды:

Жалпысынан мурдагы советтик жумурияттарда вакциндөө жагы өнүгүп келаткан башка өлкөлөргө караганда жакшы эле. Алардын көбүндө балдардын 90-95 пайызы эмделет. Буга салыштырмалуу Африканын бир катар өлкөлөрүндө балдардын 40, ашып кетсе 60 пайызы эмделет. Мурдагы советтик жумурияттарда балдар полиомит, сарыктан эмделет, ошол эле убакта Превнар сыяктуу вакцина алышпайт.

Превнар болгон күндө да, ал Чыгыш Европа же Евразия өлкөлөрүндө жашагандар үчүн ылайыксыз болушу мүмкүн, себеби ал Кошмо Штаттарында кездешкен бактериянын түрлөрү үчүн ойлонуп табылган. Анын үстүнө бул дары кымбат дагы. Вакциналарды Кыргызстанга окшогон майда өлкөлөргө арзандатылган баада алып берүү үчүн иштеп жаткан уюмдардын бир катары, анын ичинде Вакциндөө жана Иммундоо Глобалдык Биримдиги Гейтс Корунан алган каражат менен иш алып барышат. Алар вакциналардын жарды өлкөлөргө азыркыдай 10-15 жылда эмес, мындан эки эсе тез жетишин кепилдөөгө үмүттөнүшүүдө. Алардын ишине ийгилик каалайлы, себеби Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун эсебинде, Превнар вакцинасы менен алдын алууга боло турган көк жөтөлдөн дүйнө жүзүндө ар мүнөттө бир бала чарчап калат.

XS
SM
MD
LG