Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Президент Бакиев чет өлкөдөн келген кыргыздар үчүн акча берди


БИШКЕК. «Этникалык кыргыздар» деп аталган координациялык-укуктук борборго каржылык колдоо көрсөтүү максатында президент Курманбек Бакиев резервдик фонддун эсебинен 104 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы жума күнү билдирди. Аталган каражатты борбор Тажикстандан жана Өзбекстандан көчүп келген кыргыздарга укуктук жактан жардам көрсөтүүгө пайдаланат. Бул ириде Кыргызстандын жарандыгын алууга, паспорт алууга байланышкан маселелерге жумшалмакчы.

XS
SM
MD
LG