Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Мамлекет башчы аймактарды кыдырат


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев январь айынын экинчи жарымында өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып чыгат. Мындай сапардын башкы максаты – облус, райондордогу экономикалык тармактагы проблемалар, элдин социалдык абалы менен жакындан таанышуу. Мамлекет башчы ошондой эле өлкөнүн кичи шаарларында да болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин Курманбек Бакиев облустук жана райондук жетекчилер менен болгон жолугушуусунда алардын ишинин жыйынтыгы тигил же бул облус, райондо канча адам жумуш менен камсыз болгондугу, канча өндүрүш мекемеси ишке киргизилгендиги менен аныкталат, деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG