Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Бишкек МАИсинин мурдагы башчысы ИИМди сотко берди


БИШКЕК. Бишкек МАИнин мурдагы жетекчиси Касымбек Райымкул уулу өткөн жылдын 9-декабрындагы Ички иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу боюнча буйругун жокко чыгаруу тууралуу сотко арыз жолдоду. Бул тууралуу Райымкул уулунун адвокаты Галина Скрипкина 4-январда “Азаттыкка” билдирди.

-Касымбек Райымкул уулун Бишкек МАИсинин начальниги кызматына кайра коюлары керек. Себеби дегенде МАИде штаттарды кыскартуу болгон эмес. Начальниктин кызматы, айлыгы болгон, алар сакталып калган. Бирок анын ордуна башка адамды дайындап коюшкан. Бул мыйзамсыз,- деди адвокат Галина Скрипкина.
Ал эми Ички иштер министри Мурат Суталинов жаңы жыл алдында “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда, Касымбек Райымкул уулуна Бишкек шаардык Мамлекеттик Автоинспекциясынын жеке курамы ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгү үчүн кызматтан четтетилгендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG