Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНДЕГИ ТАЛАШ-ТАРТЫШ УЧУРУНДА КАДЫРБЕК АТАКАРАЕВ КАЗА БОЛДУ


Кабыл Макешов, Бишкек Бишкекте 5-январда Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясында уюмдун бир мүчөсү күтүлбөгөн жерден мүрт кеткендигине байланыштуу жаңы Уставды кабыл алуу жана жаңы мүчөлөрдү шайлоо үзгүлтүккө учурады.

Жыйындын күн тартибин талкуулоо жүрүп жаткан маалда өлкөнүн дене тарбия жана спорт агенттигинин аппарат башчысы, Кыргызстандын кичи футбол ассоциациясынын башкы катчысы Кадырбек Атакараев эсин жоготуп жиберди. Залда олтурган дарыгерлер жасалма дем алдырууга аракет кылышты. Тез жардам кызматы чакырылганы менен алар жарым сааттан кийин келип, Кадырбек Атакараевдин өмүрүн сактап кала алышпады.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясы Бишкектеги сүрөт музейинин залында ушул уюмдун президенти, Жогору кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди эскерүү менен башталган эле. Улуттук олимпиадалык комитетинин жыйынына өлкөдөгү спорт федерацияларынын жетекчилери, Жогорку кеңештин депутаттары, спорт коомчулугунун өкүлдөрү, ардагерлер жана журналисттер келишкен болчу. Алардын катарында спорт федерацияларынын президенттери, Жогорку кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Арслан Малиев, Камчыбек Жолдошбаев, Камчыбек Ташиев, өлкөнүн эсеп палатасынын төрагасы Мурат Саралинов, муракы белгилүү спортчулар Каныбек Осмоналиев, Раатбек Санатбаев, Александр Войнов жана башка спорт жетекчилери келишкен.
Учурда улуттук олимпиада комитетинин президенттин милдетин аткаруучу, өлкөнүн сууда сүзүү федерациясынын жетекчиси Генрих Балян жыйындын күн тартибиндеги маселелерди айтып, эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Устав иштелип чыкканын, бул жерде аны талкуулап кабыл алуу керектигин жана улуттук олимпиада комитетине кайрадан 45 мүчө шайланаарын баяндады.

Улуттук олимпиада комитетинин президентинин ордун талашуу күчөп, мыйзам бузууларга жол берилип жатканын, талаш-тартыштын айынан спортчулар жабыр тартып жатышканын Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү, өлкөнүн спорт федерациялар кошунунун төрагасы Мукар Чолпонбаев айтты:

-Булар дагы чыр чыгарып, мурдакы мыйзамдуу өткөн конференциянын чечимдерин жокко чыгарууга аракет кылышууда. Айдар Акаевди олимпиадалык комитетке алып келгендер дагы ушулар эле. УОКтун президентинин орду өтө эле саясатташып, талашка түшүп кетти. Себеби эл аралык уюмдардан чоң өлчөмдө жардам катары каражаттар келип турат. Мына ушул каражатты бөлүштүрүү жана ээлик кылуу максаттарын гана көздөп жатышат. Мындай маселелерди адам өмүрүнө залакасын тийгизбей тынчтык сүйлөшүү жолу менен деле чечишсе болмок. УОКтун президентигин, жетекчиликтерин ушундай мыйзамсыз жол менен алууга аракет кылышууда.


Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев уюштуруп, 13 жылдан бери башкарып келген. 2004- жылдын декабрында өлкөнүн бокс федерациясына жаңы президент болгон Айдар Акаев Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп шайланган. Ыңкылаптан кийин Айдар Акаев ал кызматтан бошотулуп, мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент кылып шайланган. Былтыр жайында бул уюмга президент болгон Жогорку кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 22-сентябрда атылып каза болгон.

Талаш-тартыштар токтоп, 13- январга чейин эл аралык олимпиада комитетине жаңы устав жөнөтүлбөсө, Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүлбөй, ал түгүл мүчөлүктөн чыгарып салышы мүмкүн. Бүгүн жетекчилерди шайлабай эле олимпиадалык хартияга ылайык уставга өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алуу гана керек болчу деген пикирин билдирип, улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү, өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Мурат Саралинов мындай деди:
-Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилери өз ишмердүүлүгүн ар дайым жабык өткөрүп, жашырып келишкен. Анан дагы биздин аксакалдар, спорт ардагерлери ар дайым өсүп келаткан жаштарга жол бербей, ар убак бут тосуп келатканы өкүндүрөт. Кызматына, даражасына карабай иш билги сапатына кароо учур талабы. Учурда 13- январга чейин жаңыртылган Уставды Эл аралык олимпиада комитетине жөнөтпөсөк, анда Кыргызстанга финансылык жардам болбойт. Ал түгүл бизди ЭОК мүчөлүктөн чыгарып салуусу, 2006- жылкы Катардагы 15- Азия оюндарына жана 2008- жылкы Пекин олимпиадасына катышпай калуубуз мүмкүн. Бул жерде уставды кабыл алып алсак, анан ошонун негизинде гана президент шайланмак. ЭОКтон чыгыш оңой, ага кайра мүчө болуп кирүү кыйын. Биз жеке кызыкчылыктарды гана ойлобой, өлкөнүн тагдырын, ар- намысын ойлошубуз керек.


Кыргыз олимпиадалык кыймылында жаштарга кезек бербей, спортчуларга жардам берилбей келатканын, Улуттук олимпиада комитетинин ишмердүүлүгү жашыруун, жабык жүргүзүлүп жүргөнүн Бишкек шаардык спорткомитетинин төрагасы Алмаз Касенов да сынга алды.
XS
SM
MD
LG