Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Ч.Алиевдин бир туугандары сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү


БИШКЕК. 6-январда Биринчи май райондук сотунун отурумунда маркум Чыныбек Алиевдин бир туугандары сотко төрагалык кылып жаткан Аман Сариевге ишенбөөчүлүк билдирип, сот жараянына катышуудан баш тарта тургандыктарын жарыя кылышты. Бирок алардын мындай өтүнүчү сот төрагасы тарабынан четке кагылды. Жабырлануучулар бул сот адилетсиздик, акыйкатсыздык менен жүрүп жатат дешип, сот залынан чыгып кетишти.
Чыныбек Алиевдин өлүмүнө Рысбек Акматбаев баш болгон сегиз адам себепкер деп шектелип, сотто суракка алынууда. Алар өз кезегинде коюлган айыптарды негизсиз деп жуутпай келишет.

XS
SM
MD
LG