Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

Доктурлар премьер-министр Ариелдин өмүрү үчүн күрөшүүдө


Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун мээсинен кайрадан кан жүгүрүп кетти. Доктурлар канды токтотууга аракет кылышууда.
Кечээ Иерусалимдин “Хадасса” ооруканасында доктурлар операция жасашып, анын мээсине куюлган канды токтотушкан эле.
Премьер-министрдин милдетин вице-премьер Эхуд Олмерт аткарууда.
Абройлуу “Haaretz” жана “Yedioth Ahronoth” гезиттеринде бүгүн жарыяланган сурамжылоонун натыйжасына караганда, Шарон ноябрда түзгөн орточул “Кадима” партиясы 28-мартта болчу шайлоодо жеңип чыгат.

 

XS
SM
MD
LG