Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

ОШТО АЗЫК-ТҮЛҮК БААСЫ КЕСКИН ЖОГОРУЛАДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кийинки бир жума аралыгында Ош шаарында азык-түлүккө болгон баанын кескин жогорулашы байкалууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баалардын көтөрүлүшүн адаттагы көрүнүш катары эсептешсе, шаардын бир катар тургундары баалардын секиригинин себептерин соодагерлердин ашынган кызылкулактыгына бөгөт болалбай жаткан шаардык бийликтин шалаакылыгынан көрүштү.

Жергиликтүү талдоочулардын айтымында, Жаңы жылдын алдындагы жана андан кийинки бир жума аралыгында Ош шаарынын борбордук базарында эт, сүт, нан азыктарына болгон баа 17 пайызга, жашылча, мөмө жемиш жана шириндиктерге болгон баа 19 пайызга кымбаттаган. Шаар тургундарынын айрымдары азык-түлүккө болгон баалардын мындай кескин секириги акыркы үч жылда катталбагандыгын белгилешүүдө:

- Чындыгында быйыл былтыркыга караганда базарда баардыгы кымбат. Картошка, пияз, сабиз, нан азыктарынын, баардык эле продукция 3-4 эсе кымбаттап кеткен. Канча акча менен чыксаң, тез эле түгөнүп калат – дейт шаар тургуну Астра Мамырова.

Шаардын борбордук базарында соода иши менен алектенген жеке ишкер Нурбек Жангазиев болсо, азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшүн күйүүчү майдын наркынын жогору болуп жатканы менен байланыштырды:

- Мен базардагы айыл-чарба, тамак-аш продуктыларын кымбаттап кеткендигинин негизги себеби, биздин мунай-зат, тагыраак айтканда, күйүүчү май, бензиндин, солярканын кымбаттап кеткенинен көрөм.

Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков азык-түлүккө болгон баанын жогорулашын жыл сайын ушул маалда кайталанып туруучу адаттагы көрүнүш катары эсептей тургандыгын айтып өттү:

- Биз акыркы он күндөн бери мониторинг жүргүзүп, базардагы бааларды салыштырып карап атабыз. Акыркы он күндүн ичинде базардагы баа, мисалы, жогорку сорттогу ун 13-декабрда 1 сом 85 тыйынга кымбаттаган. Бирок бүгүнкү күндө ал 71 тыйынга арзандады. Ошондой эле койдун эти 5 сомго кымбаттап, бүгүнкү күндө 115 сом туруп калды. Mалдын эти жылдын башында 85 сом болсо, азыр шаарда 95 сом турат. Чеснок да кымбаттады.

Анткен менен Ош облусунун губернаторунун маалымат катчысы Алишер Токсонбаев азык-түлүк рыногундагы ашынган кызылкулактыкты ооздуктай турган жөнгө салуу механизмдеринин жок болуп жаткандыгын белгиледи:

- Ош шаардык кеңеши, шаардык антимонополдук комитети эшек такалабастан ушулардын үстүнөн такай иш жүргүзүп турушу керек эле. Себеби, баалардын мынчалык деңгээлде көтөрүлүшү кээ бир саясатчылар айткандай, мурда болгон эмес. Айрым учурларда болот, Курман айт, Орозо айт алдында. Бирок 2-3 күнгө созулат дагы, кайра мурунку калыбына түшөт. Бирок азыр күндөн-күнгө билинбегени менен акырындап баалар өсүп кетип атат. Бул өзү жакшы жышаан эмес. Өлкөбүздөгү башаламандыктан, мамлекеттик башкаруунун начардыгынан, чабалдыгынан, жергиликтүү айрым бааларды башкарып тургандар пайдаланып атышат.

Ал эми шаар бийлигинин өкүлдөрү баа саясатты жана кызылкулактыкты ооздуктоо багытында мамлекеттик программанын алигиче аныкталбагандыгын айтып өтүштү.

XS
SM
MD
LG