Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Өлүм жазасына өкүм кылынгандар үчүн абак Нарында курулушу ыктымал


БИШКЕК. Өлүм жазасына өкүм кылынгандар үчүн атайын түрмө келерки жылы Нарын шаарында курулушу болжолдонууда. Ал үчүн Кыргызстанда өлүм жазасын биротоло алынып салынышы керек. Бирок, андан мурда анын базасын түзүү зарыл. Түрмөнү куруш үчүн көп каражат жумшалат. Бул тууралуу Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров 9-январда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда өлүм жазасына өкүм кылынган 177ге чукул адам бар.

Президент Курманбек Бакиев өткөн жылы 29-декабрда “Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу тууралуу” жарлыкка кол койгон. Мораторийдин мөөнөтү ушул жылдын 1-январынан баштап өлүм жазасы мыйзамдуу жол менен толук алынып салынганга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG