Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Курманбек Бакиев Астанада инагурацияга катышып, Владимир Рушайло менен жолугушту


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 11-январда Астанада өткөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин инаугурациясына катышты. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, кайрадан президент болуп шайланган Нурсултан Назарбаевдин ишке киришүү салтанатына жетимиштен ашык өлкөдөн өкүлдөр катышты. Алардын катарында Орусиянын, Ооганстандын, Украинанын, Грузиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Хорватиянын мамлекет башчылары катышты. Кытайдан инаугурацияга төрага орун басары Цзэн Цинхун келди. Кыргызстандын президенти Астанада болгон учурунда КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло менен жолугушуп, тараптар комитеттин түзүмүн өзгөртүп, айрым милдеттерди кыскартуу маселесин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG