Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Спикер арак чыгарган заводдорду мамлекетке пайдалуу кылуунун жолун издөөдө


БИШКЕК. 11-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев спирт, алкоголь тармагынын, Салык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жетекчилери менен жолугушуп, спирт заводун мамлекеттин карамагында калтырып, калган арак заводдорун монополиядан чыгарып, лицензиясы менен калтыруу сунушун киргизди. Анын айтымында:

- Депутаттар, тиешелүү комитеттер анализ жүргүзүп көрсө, арак заводдору мамлекетке пайда алып келбептир. Ар дайым банкрот болуп келиптир.Бизде Кыргызнефти деле, энергетика деле пайда алып келбейт, арагыбыз дагы пайда алып келбейт. Бул бир болбогон иш болуп жатат. Ошондуктан арак заводдорун эркин коюп, мамлекет лицензиялоо жолу менен көзөмөлгө алып калат деген концепция сунуш кылынып атат.

Спикер белгилегендей өлкө аймагындагы 2 спирт заводу, 18 арак заводу мамлекеттин бюджетине пайда келтирбей, тескерисинче Кыргызстандагы алкоголь ичимдиктеринин 44 пайыздан ашууну аткезчилик жолу менен ташылып келинет экен.

XS
SM
MD
LG