Америкалык кадыр – барктуу илимий басылма – "Жаңы Англиянын медициналык журналы" ( New England Journal of Medicine) өткөн айда жарыялаган иликтөөлөрүнүн биринде канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусу адамга жуккан учурда мутацияланып, "Тамифлу" дарысына да моюн бербеген деңгээлге чыгышы мүмкүн экенин ишара кылган эле. Себеби изилдөөлөр Вьетнамда аталган илдетке кабылган сегиз бейтаптын төртөөсү "Тамифлу" дарысын ичкенине карабай көз жумганын аныктаган.
Эндрю Павия - АКШда жугуштуу ооруулар боюнча улуттук коомдун жетекчилеринин бири. Анын пикиринде, Вьетнамдагы окуяга карабай Тамифлу азыр колдо бар дарылардын эң мыктысы:
"Тамифлу" - биз азыр канаттуунун сасык тумоосуна каршы колдоно алуучу дарылардын эң мыктысы. Ал ооруканага түшүүнү алдын алат. Эгер өз убагында эрте ичилсе, таасири чоң. Эгер сиз кеч иче баштасаңыз, таасири салыштырмалуу аз жана вирустун ага каршылык көргөзүүсү боюнча учурлар саналуу эле болду.
"Тамифлудан" башка канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусуна каршы колдонулуучу "Реленза" ( Relenza) деген да препарат бар экенин белгилүү. Бирок анын сатыктагы саны "Тамифлудан" да аз. Америкалык адис Эндрю Павиинин айтымында, бул дары да өзүнүн натыйжалуулугун көргөзгөн:
-Мен "Тамифлу" боюнча айткандардын көпчүлгү "Релензага" да туура келет. Ал учурунда, эрте жана 48 сааттын аралыгында колдонулса өтө натыйжалуу. Баарын толук кепилдеген эч нерсе жоктугуна карабай, биз азырынча "Реленза" дарысына вирус каршылык көргөзгөн учурду жолуктура элекпиз. Ар бир микро организм эгер жетиштүү мүмкүнчүлүк боло калса, кайсыл бир чекте дарыга каршылык көргөзө баштайт. Маселе -"Реленза" дарысы азыр өтө чектелүү экенинде.
Адистердин айтымында, "Реленза" өпкөнү гана дарылайт. Ал эми канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусу адамдын башка органдарын дагы жабырланта алары белгилүү. Айтор "Тамифлу" да, "Реленза" да арзан дарылар эмес. Дүйнөнүн бай өлкөлөрү бул кымбат дарылардын корун топтоо жөнүндө кеп кылып жаткан шартта, каражаты жетишсиз жакыр- жалчы мамлекеттер бул ыктымал коркунучка каршы кантип аракеттенүүсү керек.
Глобалдык өнүгүү боюнча Вашингтондогу борбордун иликтөөчүсү Мэйрин Льюс жакыр өлкөлөр үмүт үзбөшү керектигин, аларда башка мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, мисалга Арменияны келтирди:
-Армения саламаттыкты сактоого улуттук дүң өндүрүшүнүн бир пайыздан азын сарптайт жана менимче ал үчүн башка муктаждыктарын токтотуп, Тамифлунун корун жыйноо пайдасыз. Менимче,биз Түркияда болгон окуядан алган сабак алышыбыз керек. Ал жерде балдар өлгөн тоок жана тооктор менен ойногон. Калктын билим деңгээли, радиону угуу мүмкүнчүлгү жогору Армения сындуу өлкөлөрдө өлгөн канаттуулардан оолак болуу жөнүндөгү нускоолорду айтуу керек. Адамдар байкоо жүргүзүү ишинин бир бөлүгү болушу абзел. Мениче бул "Тамифлунун" корун жыйноодон да көбүрөөк жардам берет.
Адистер көп нерсе жергиликтүү бийликтер айыл- чарбасында санитардык эрежелерди сакталышын кандай камсыз кыла аларына жараша экенин да айтышууда. Артур Монто АКШнын Мичиган университетиндеги медицина мектебинде эпидемология боюнча профессор:
-Бул - адамдан – адамга өтчү проблема эмес. Бул - айыл чарба проблемасы. Мамлекеттер бул багытта жигердүү иш жүргүзүүсү керек. Таиланд илдетти тез эле убакытта натыйжалуу көзөмөлдөгөнүн бир себеби ушунда.
Канаттуунун сасык тумоосу илдетин ооздуктоодо кыйынчылыктардын бири- анын вирусу мутацияланып, адамдан –адамга жугуу коркунучунун бардыгында.
АКШда азыр ошол вирустун адамдан адамга жугуусун алдын алуучу вакцина сынактан өткөрүлүүдө. Бирок дүйнөнүн фармацевтика индустриясынын азыркы мүмкүнчүлгү аны тез аралыкта жана жетиштүү өлчөмдө чыгарууга жетпейт. Ошондой эле жогоруда айтылган "Тамифлу" жана "Реленза" дарылары вирустун жаңы мутацияланган түрүнө каршы кандай натыйжа берээри да азырынча тастыктала элек.