Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитети өлкө башчысына кайрылуу жолдоду


ОШ. Мыйзамдуулукту коргоо коомдук комитетинин өлкө башчысы Бакиевге жолдогон кайрылуусунун негизги мазмуну өткөн 2005-жылдагы март окуяларынын саясий маанисине жана катышуучуларынын ролуна багытталган. Кайрылууда 24-марттагы болгон окуяга улуу март ыңкылабы макамын ыйгаруу, Ош шаарынын борбордук аянтын Элдик март ыңкылабы атындагы аянт катары атоо жана март ыңкылабынын катышуучуларынын укуктарын Ооган согушунун, Баткен коогаланынын катышуучуларынын укуктарына теңдөө маселелери көтөрүлгөн. Мындан сырткары мыйзамдуулукту коргоо коомдук комитетинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиев ушул жылдын 24-январында Ошто март окуяларынан жабыркаган адамдарга камкордук көрүү, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциясы өткөрүлө тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG