Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Ирандын ядролук программасы бүгүн Лондондо талкууланат


БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия бүгүн Лондондо кездешип, Ирандын ядролук программасы боюнча жалпы стратегияны талкуулашат. Кеңештин үч мүчөсү АКШ, Британия жана Франция Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик атайын сессия өткөрүп, Коопсуздук Кеңеши санкция колдонушу ыктымал экенин Иранга эскертип койуу зарыл дешүүдө.
Бул сунушту Кеңештин вето укугуна ээ калган эки мүчөсү Россия менен Кытай колдобой жатат.
Иран ядролук программа тынчтык максатын гана көздөйт деп, экономикалык санкция киргизилсе, мунайдын баасынын жогорулашына түртүшү мүмкүн экенин эскертти.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс дүйнө өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы Коопсуздук Кеңешинде каралыш үчүн дүйнө тез аракеттениши абзел деди.

XS
SM
MD
LG