Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Сауд Аравия жана Египет Иран чатагын сабырдуулук менен чечүүгө үндөштү


Эки өлкөнүн лидерлери АКШны бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын чөлкөмдө иш сапары менен жүргөн вице- президенти Дик Чейниге айтылган.

АКШ жана Евробиримдик Иран уранды байытуу программасынан баш тартпаса, анын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине берүүнү колдодо. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭинин директорлор кеңеши ушул маселени талкулоо үчүн келерки айда чукул жыйынга чогулган жатат. Маселе Коопсуздук кеңешине өткөрүлгөн шартта, Иранга каршы санкция киргизилиши мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн экөөсү: Орусия менен Кытай Иранга каршы санкцияны колдоор- колдобосу азырынча белгисиз. Бирок Орусия анын туруму АКШ менен Евробиримдиктикине жакын экенин билдирген.

Иран өзөктүк курал жасоого аракеттенүүдө деген айыптоолорду четке кагып, программасы тынчтык максатта гана көздөөрүн айтып келүүдө. Маселе Коопсуздук кеңешине өткөрүлсө, МАГАТЭ менен кызматташуусун токтототорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG