Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Президенттин биртууган иниси кызматтан кетти


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жусупбек Бакиев жамааттарды инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасына орун басарлык кызматынан баш тартты. Маалымат каражаттарына берген интервьюларында бул кадамын Бакиев президент агасынын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрбөө максаты менен байланыштырды. Анын айтымында, бул кызматка Жусупбек Бакиев Дүйнөлүк Банктын тартибине ылайык өткөн конкурс аркылуу келген. Бирок, муну айрым саясатчылар дароо кескин сынга алып чыгышкан. Жусупбек Бакиев агасы президент болуп шайлангандан кийин ал өзү ээлеп турган Жалалабад облус губернаторунун орун басары кызматын өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG