Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Израил: министрлер кабинети жаңыланды


Израилдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Эхуд Олмерт кабинетте айрым өзгөртүүлөрдү жасады. Атап айтканда, Израилдин тарыхында экинчи ирет тышкы иштер министрлигин жетектөөгө аял саясатчы дайындалды. Бул – Тциппи Ливни. Өкмөткө ошондой эле Шарондун үч шериги киргизилди.
Өткөн жумада Ликуд партиясынын 4 министри коалициялык өкмөттөн чегинишкен эле. Ошентип Шарондун Кадима партиясы өлкөнү 28-марттагы шайлоого чейин өзү башкармакчы.
Иерусалимдеги клиниканын дарыгерлери премьер-министр Ариэль Шарондун абалы оор бирок стабилдүү деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG