Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Абдалим Жунусовдун өлүмүнө байланышкан иш Карасуу райондук сотуна кайтарылды


ОШ. Абдалим Жунусовдун жана Санжар Абдиевдин атып өлтүрүлүшүнө шектүү деп эсептелип кармалган алты адамдын иши ушул жылдын 3-январында Карасуу райондук сотунда каралган. Карасуу райондук соту кармалган 6 жигитти атып өлтүрүүгө кыйыр тиешеи бар деп таап, айыптоо өкүмүн чыгарган. Адам өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан 6 адамдын жактоочулары облустук сотко апелляциялык негизде ароыз жазышкан эле. Ош облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы ишти карап, Карасуу базарынын мурдагы жетекчиси Абдалим Жунусовдун жана анын айдоочусу Санжар Абдиевдин атып өлтүрүлүшүнө түздөн-түз буюртмачы жана аткаруучу катары шектелип издөөдө жүргөн дагы үч адам кармалганга чейин ишти кароо мүмкүн эмес экендигин түшүндүрүп, кылмыш ишин кароону кайра райондук сотко өткөрүп берди.
Карасуу базарынын башчысы Абдалим Жунусов жана Санжар Абдиев белгисиз адамдар тарабынан 2005-жылдын 5-сентябрында өз үйүндө атып өлтүрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG