Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Араван районунда эки кылмыштуу топ табылды


ОШ. Бул тууралуу билдирген Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мухтар Сатыбалдиев кыргыз-өзбек чегара тилкесинде мал уурулук менен алектенип көп жылдардан бери кармалбай жүргөн эки кылмыштуу топ кармалгандыгын билдирди. Сатыбалдиевдин сөзүнө караганда, 2006-жылдын январь айынын башында уурдалган эки уйдун изи менен жүргүзүлгөн атайын оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө Өзбекстандын атуулдарынан турган 2 кылмыштуу топ колго түшкөн. Мурда Ноокат, Карасуу райондорунун аймагынан мал уурдоо боюнча адистешкен бул топтор эки жылдан бери издөөдө болгондугуна карабастан карматпай жүрүшкөн, дейт Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мухтар Сатыбалдиев. Эске сала кетүүчү нерсе, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн жылдын 12 айында 195 мал уурдоо фактысы катталып, анын 135 бети ачылган.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 21-январда Кыргызстанда кар жаашы күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -3...-8 градус.
Таласта түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6 градус.
Нарында түнкүсүн -26...-31, күндүз -5...-10 градус болот.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...-6 градус.
Борборубуз Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -16...-18, күндүз -5...-7 градус болот.

Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG