Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Жалалабат: Жусупжан Жээнбековду коргоо комитети түзүлдү


ЖАЛАЛАБАТ. Губернаторлук кызматтан алынган Жусупжан Жээнбековду коргоо боюнча коомдук комитет түзүлдү. Бул жакта эки күндөн бери губернатор алмашканынан чыккан нааразылык уланууда. Бүгүн облустук бийликтин жыйындар залында өткөн чогулушка 600гө жакын адам катышты. Сүйлөгөндөрдүн басымдуу бөлүгү Жусупжан Жээнбековдун кызматтан алынышына нааразы болушту. Алар Президент жарлыгын жокко чыгарууну талап кылышып, Жээнбековдун кызматында жылбай иштей берүүсүн өтүнүштү. Талаптары аткарылмайын таркабай тургандыктарын билдиришти.
Жусупжан Жээнбеков кызматтан алынган себебин билген эмес. Ал былтыр облустун башчылыгына шайлаган 30 миң адамдын уруксаты менен бошоорун, же дагы 15 күнчө иштетип, анан кызматтан алууну айтты. Бийлик алмашуудагы жалалабаттыктардын эмгегин белгилеген президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков элди сабырдуулукка жана Президенттин жарлыгын сыйлоого чакырып, Жээнбековдун кызматы президент аны кабыл алаар 26-январь күнү талкуулана тургандыгын маалымдады. Элди аймактарга бөлбөө үчүн мындан ары губернаторлор орун алмашыла тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG