Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Таласта И. Айдаралиевди колдогон митинг өттү


БИШКЕК. 20-январда Талас шаарынын борбордук аянтында облустун мурдагы губернатору Искендер Айдаралиевди колдогон митинг өттү. эки миңдей адам катышкан бул жыйында президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу кабыл алынганын Таластагы «Жамааттар келечеги» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бактияр Камалдинов «Азаттыкка» билдирди:

- Жыйында Искендер Айдаралиевдин Жалалабат облусунун губернаторлугуна дайындалышы жана жергиликтүү калктын аны кабыл албай, учурда жумушсуз калышы тууралуу сөз болду. Акырында эл президентке, ЖК төрагасына кайрылуу жолдоп, анда Искендер Айдаралиев Жалалабатка керек болбосо, кайра эле Талас облусунда кала берүүсү, ал элдик губернатор экени белгиленди.

Буга дейре Талас облусун жетектеп келген Искендер Айдаралиев 19-январда Жалалабат облусунун башчысынын милдетин аткаруучулук кызматына дайындалган.

XS
SM
MD
LG