Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Экс-губернатор Ж. Жээнбековду жактагандар аны кызматына кайра коюну талап кылышууда.


ЖАЛАЛАБАТ. Коргоо комитети экс-президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатуудагы Жусупжан Жээнбековдун эмгеги бийлик тарабынан өтө бат унутулуп кыска мөөнөттө анын иштен бошотулушуна нааразылык билдирди. Ыңкылап чагында Бакиев менен жанаша жүргөн Азимбек Бекназаров, Анвар Артыков, Данияр Үсөнов “Сынган кылыч” романындагы Шерали хан көзүн тазалаткан акылгөйлөрү менен барабар. Комитет президент Курманбек Бакиевден Жусупжан Жээнбековду милдет аткаруучу эмес, губернатор деп жарлык чыгарып, аны бошоткон жарлыкты кайтарып алууну талап кылды. Күбөлүктөрүн тапшырган акимдер менен айыл өкмөт башчыларына кысым көрсөтпөөгө жана куугунтукка албоого өтүнүч жасалды. Таластын мурдагы губернатору Искендер Айдаралиевге дайыма көзү түз экендиктерин билдиришти. 82 мүчөсү бар комитет 20-январда түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG