Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

А.Бекназаров:Мен туура эмес кылмыш ишин козгосом жооп берүүгө даярмын


БИШКЕК. “Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеп турганда мен тарабынан экс-президенттин үйбүлөлүк мүлкү, мурдакы премьер-министр Николай Танаев, ишкерлер Жайсаңбаев, Пак, Кумтөр кени, “Импашманас”, Шампанвинкомбинат, Канттагы шифер заводу жана башка фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери жокко чыгарылса, анда бүгүнкү бийлик мени жоопко тартсын”, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда. Анын айтымында, эгерде ал туура эмес кылмыш ишин козгоп көптөгөн адамдардын тынчын алып, укугун бузган болсо мыйзам алдында жооп берүүгө даяр. Ал ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан мурда козголгон кылмыш иштеринин кандай иликтенип жатканы боюнча жакын арада атайын парламент тарабынан депутаттык комиссия түзүлөөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG