Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

ОРУСИЯ 'ЛИБЕРАЛДЫК ИМПЕРИЯ' КУРУУ АРАКЕТИНДЕ


Нарын АЙЫП, Прага 2003-жылы белгилүү орусиялык саясий ишмер Анатолий Чубайс - Орусия жаңы "либералдык империя" куруш керек деп чыккан. Көптөгөн батыш саясатчыларынын пикиринде, Маскөө азыр чындап эле андай империя кура баштады жана дагы көпкө жетише алат.

Орусия кура турган жаңы империяны Чубайс "либералдык" деп атаган, анткени андай империя демократиялык жана экономикалык ыкмалар менен гана түзүлмөкчү. Орус президенти Владимир Путин болсо өткөн жылдын аягында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын өткөрүп, Орусия жакын арада - башка өлкөлөргө кубат байлыктарын саткан дүйнөдөгү эң күчтүү дөөлөткө айланууга тийиш жана андай максатка жетүү үчүн Маскөөнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар деп билдирди.

Андан көп узабай Орусия кошуна жумурияттарга саткан өзүнүн табигый газынын баасын кескин түрдө көтөрдү жана ага каршы чыккан өлкөлөргө катуу чаралар көрүлө баштады. Алдын ала орус өкмөтү газ сатып алган жумурияттарга - алардын аймагындагы газ куурларды Маскөөгө сатууну сунуштаган. 2004-жылы ага Беларус каршы чыкканда, өлкөгө газ берүү токтотулган. Кийин Минск ага макул болду жана газды азыр арзан баа менен алууда.

2005-жылы андай сунуш Армения, Грузия, Молдова жана Украинага жасалды. Алар баары алгач ага каршы чыкты, бирок акырында Молдова менен Армения Кремилдин эркине көндү, макул боло элек Грузия менен Украина болсо азыр көптөгөн маселелерге такалууда.

Советтик мезгилде курулган куурларды кайрадан өз көзөмөл алдына алуудан тышкары Маскөө акыркы жылдарда жаңы куурларды да жаткыра баштады. Кара деңиздин түбү менен кеткен куур аркылуу Орусия азыр газды Түркияга тикелей сата баштады жана ал долбоордон Кавказ жумурияттары четте калды.

Балтик деңизинин түбү менен өтө турган жаңы куур дагы түз Алманияга чейин барат жана Украина же Польша сыяктуу мамлекеттер андан четте калат. Сибирден чыккан газды түндүктөгү Мурманск жана Алыскы Чыгыштагы Находка портторуна жеткирүү үчүн дагы жаңы куурлар жаткарылмай болду. Андан соң ал порттордо газды суюктукка айланта турган ишканалар курулат жана андай газды кийин кемелер менен дүйнөнүн кайсы болбосун өлкөсүнө жеткирсе болот. Батыш эксперттеринин пикиринде, бул долбоорлор ишке ашса, көптөгөн мамлекет Орусияга бир топ көз каранды болот.

Андан тышкары Маскөө акыркы жылдарда айрым мурдагы советтик жумурияттардын ишканаларын карыздын эсебине сатып алуу аракеттерин көрө баштады жана аны менен дагы ал өлкөлөрдү өз көзөмөл алдына коет. Мисал үчүн, Армения Орусияга советтик мезгилден 93 миллион доллар карыз болчу жана 2002-жылы Маскөө бир нече эң ири армениялык ишкананы карыздын эсебине сатып алды. Андай ыкма менен Армениянын экономикалык эркиндиги бир топ чектелди.

Эми Маскөө Армения менен бирдиктүү экономикалык аймак да түзүгө киришти жана Абхазия аркылуу Ереванга темир жол курууну пландап жатат. Аны менен Абхазиянын Грузиядан чындап бөлүнүшүнө да өбөлгө түзүлөт жана өз ишканалары менен куурларын Маскөөгө сатууга макул болбой жаткан Тбилисинин туруму солгундайт. Грузиянын куурлары Орусияга өтүп кетпеси үчүн АКШ 2005-жылы Тбилисиге 49 жарым миллион доллар жардам көрсөтүүгө аргасыз болгон. Анткен менен орусиялык РАО ЕЭС ишканасы баары бир Грузиянын энергетикалык системасын сатыл алууга жетишти.

Украина болсо Ашгабат менен келишим түзүп, мурда түркмөн газын сатып алчу, Маскөө азыр Түркмөнстан жана башка борбор азиялык жумурияттар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардын газынын баарын жалаң гана Орусияга сатууга көндүрүү аракетинде.

Америкалык Жонс Хопкинс университетинин Борбор Азия жана Кавказ боюнча институтунун деректири Фредерик Старрдын айтымында, Маскөөнүн мындай "либералдык империя" куруу аракеттерин токтотуу үчүн Батыш мурдагы советтик жумурияттарга көбүрөөк жардам көрсөтүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG