Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

САНАТБАЕВДИ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮН ИЗИ КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНАН ТАБЫЛДЫ


Кабыл Макеш, Бишкек Белгилүү балбан Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө катышы бар адамдардын изи Улуттук коопсуздук кызматынан чыкты. Бул жөнүндө 24-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Министр орун басары Өмүрбек Субаналиев билдирген маалыматка ылайык Раатбек Санатбаевди атууга катышы болушу ыктымал деген шек менен Коопсуздук кызматынын кызматкери Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармасы тарабынан кармалган. Балбанга атылган ок Коопсуздук кызматынын кызматкеринин тапанчасынан атылганы такталып калганда Улуттук коопсуздук кызматы өз кызматкерине кепилдик берип, абактан чыгарып кеткен.

Министр орун басарынын билдирүүсүн уккан парламент депутаттары дароо эле Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилеринин отставкага кетишин талап кылып башташты. Тергөө иштерине коопсуздук кызматы менен прокуратура тоскоолдук кылып жатканын айрым депутаттар белгилешти.

-Булар башынан бирге иштебей, бирине- бири бут тосуп жатышат,- деп айтты депутат Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG