Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Рыспек Акматбаевди актаган сот чечимин премьер-министр айыптап чыкты


БИШКЕК. Премьер-министр Ф. Кулов 25-январда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Рыспек Акматбаевди актаган сот чечимин айыптаган билдирүү таркатты. Өкмөт башчысы Р. Акматбаевдин акталышын өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы чоң коркунуч деп атаган. Ошондой эле Ф. Кулов өлкөдө бийлик менен кылмыш дүйнөсү биригип баратканына коомчулукта тынчсыздануу өсүп жатканын белгилеп, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшпөй жатат деп сынга алган. Анткени, бир жума мурда УККнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүу бөлүмүнүн башчысы киши өлтүрүү кылмышына шектүү деп курал жана бангизаттар менен кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG