Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ФЕЛИКС КУЛОВ ӨЛКӨДӨГҮ КЫЛМЫШТУУЛУК БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ


Премьер-министр Феликс Кулов 25-январда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Рыспек Акматбаевди актаган сот чечимин айыптаган билдирүү таркатты. Өкмөт башчысы Р.Акматбаевдин акталышын өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы чоң коркунуч деп атаган.

Ошондой эле Ф.Кулов өлкөдө бийлик менен кылмыш дүйнөсү коюн-колтук алышып баратканына коомчулукта тынчсыздануу күчөп жатканын белгилеп, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшпөй жатат деп сынга алган. Анткени, бир жума мурда УККнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүу бөлүмүнүн башчысы киши өлтүрүү кылмышына шектүү деп курал жана бангизаттар менен кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG