Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Алдаяр Исманкуловдун спортчунун өлүмүнө катышы жок


БИШКЕК. Алдаяр Исманкулов Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө кылмышка катышы бар деген шек менен эмес, бул ишти иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын ички иштер министри Мурат Суталинов парламентте чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Улуттук коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алдаяр Исманкулов мындан бир жума мурда курал жана баңгизаттар менен милиция күчтөрү тарабынан кармалган. Ал бир күн камакта жатып чыккандан кийин, аскер прокурору аны кое берип жиберген. Парламент депутаттары бул окуяны билип калып, ашынган кылымшкерди канатына калкалап жүрүптүр деп Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилеринин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG