Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Азимбек Бекназаров президентке ачык кат жолдоду


БИШКЕК. 24-марттан кийин саясий, экономикалык, социалдык, кадр, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү тармактарында жүргүзүлүп жаткан саясаттын экс-президент Аскар Акаевдин мезгилинде жүргүзүлгөн саясаттан эч кандай айрмасы жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 26-январда президент Курманбек Бакиевге жолдогон ачык катында билдирген. Анда президент 24-марттан кийин ыңкылаптын башында турган лидерлердин революциялык жол менен ишти алып баруу сунушун четке кагып, Акаевдин айланасында жүргөндөрдү угуп, укуктук жолду тандап алгандыгы үчүн, 2005-жылы конституциялык реформа аягына чыгарылат деген убадасын аткарбай койгондугу үчүн сынга алынган. Депутаттын ачык катында марты ыңкылабынан бери экономика тармагында да өзгөрүүлөр болбой жаткандыгы айтылып, тармактагы бир катар ири кирешелүү объектилер эмне үчүн мыйзам чегинде аукцион аркылуу сатылган жок деген суроо коюлган. Азимбек Бекназаров президенттен ыңкылаптын башында турган лидерлерди февраль айында кабыл алууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG