Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Жалалабаттык журналисттер “Кыргыз туусу” гезитин колдошот


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук чыгармачылык жамаатчылыгы республикалык "Кыргыз туусу" гезитинин эмгек жамаатынын талабын колдоп чыгышты. Кайрылууда айтылгандай, басылма экс-президент Аскар Акаевдин доорунан айырмаланып азыркы бийликке жагынбай, өлкөдөгү окуя, фактыларды туура чагылыдыра баштаган. Акционердик коомго өтүүгө далалат жасоо менен өзүн-өзү актоо ыкмасында иштеп, гезит саны жана сапаты жактан өзгөрүүдө. Окурмандар менен сатып алуучулардын саны өсүп, жарандар бийликтегилердин көрсөтмө буйругу жок, өз каалоолору боюнча гезитке жазылып окушууда. Басылманы жаңы багытка буруп жаткан башкы редактор Бакыт Орунбеков кызматтан туура эмес алынган. Өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Куловго кайрылган журналисттер Бакыт Орунбековду кызматтан алган буйрукту жокко чыгарууну жана республикалык ал гезитте чыгармачыл маанай түзүүнү өтүнүштү.

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү

28-30-январга чейин Ош, Жалалабат, Ысыккөл, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 132-138 жана 198-265 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү мүмкүн.

29-январда Кыргызстанда кар жаабайт, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ жана ТАЛАС облустарында түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6 градус суук.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ өрөөндөрүндө түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛдө түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуса чейин жылуу.
НАРЫНда түнкүсүн -11...-16, күндүз -5...-10 градус суук.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, кар жаабайт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -11...-13, күндүз -1...-3 градус суук болот деп билдиришет Кыргызстандын синоптикери.

Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG