Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Дүйшөмбүдө массалык маалымат каражаттары нааразылык акциясын өткөрөт


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясынын имаратында Улуттук радионун кызматкерлери аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Жылдыз Муслимованын кызматтан алынышына нааразылык билдиришип ачкачылык акциясын баштайт. Ушул эле күнү “Кыргыз туусу” гезитинин жакында кызматтан алынган башкы редактору Бакыт Орунбековду колдошуп, редакциянын жамааты да жыйын өткөрүүнү болжошууда. Бул тууралуу 29-январда “Кылым шамы” бейөкмөт уюумунан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда март окуясынан кийин Улуттук радионун жетекчиси болуп дайындалган Жылдыз Муслимова өткөн аптада президенттин буйругу менен кызматтан бошотулган Анын ордуна Байма Сутенова дайындалган. Бирок Улуттук радионун жамаатынын 80 пайызга жакыны Байма Сутенованын жетекчи болуп дайындалышына нааразылык билдирип чыгышкан. Ал эми “Кыргыз туусу” гезитинин баш редактору Бакыт Орунбековду кызматтан алуу тууралуу премьер-министрдин бейшембидеги чечимине нааразылык билдиришкен гезит жамааты, аны ордунда калтыруу жөнүндө президентке жана премьер-министрге кайрылуу жолдошкон. Бакыт Орунбековду коргоо комитети түзүлүп, аны колдоо боюнча кол топтоо акциясы башталганын аталган комитеттен билдиришти.

XS
SM
MD
LG