Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

САРЫ БЭЭ АЙЫЛЫНДА ТӨРТ ҮЙДҮ КАР КӨЧКҮ БАСТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Каракулжа районуна караштуу Сарыбээ айылында төрт үйдү кар көчкү басып калып, анын кесепетинен бир үй-бүлөдөн төрт адам каза болду. Катуу жааган кардын айынан Каракулжа-Алайку жолу жабылып, электр жана телефон линиялары үзгүлтүккө учурады. Алайкуу өрөөнүнө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жол тазалоочу тиешелүү мекемелердин кызматтары жетип бара алышпай жатышат. Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жол тазалоо департаментинин аракеттерин кескин сынга алды.

Ош облусунун атуулдук коргонуу кызматынын маалыматына караганда, Каракулжа районунун Капчыгай, Кызылжар жана Алайкуу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жааган кардын өлчөмү бир жарым метрге жетет. Катуулап жааган кардын жана бурганактын таасиринен улам электр линиясынын жана телефон байланышынын мамылары кыйрап, 20 миңден ашуун калкы бар үч айыл өкмөтү райондун борборунан бөлүнүп калды. Бул тууралуу билдирүү жасаган Ош облусунун жетекчилиги аймактан кабар алуу үчүн бара жатып, кар көчкү коркунучунан улам жарым жолдон кайра качышкандыгын кабарлады. Ош облусунн губернаторунун орунбасары Мурадыл Бакашов Сарыбээ айылындагы кар көчкүнүн кесепеттери боюнча мына буларды билдирди:

-Капчыгай районуна караштуу Сарыбээ айылында кар көчкү жүрүп, бир үйбүлөдө атасы, апасы, үч жашар баласы жана 81-жылы туулган баласы болуп 4 адам каза болду. Ошонун жанында дагы 4 үйдү жана сарайларын басып калган кар.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров бурганактан жана кар көчкүдөн улам жабылып калган Каракулжа-Алайку жолун тазалоо, электр линиясын жана телефон байланышын калыбына келтирүү багытында жасалып жаткан иштерге канааттанбагандыгын билдирүү менен тиешелүү кызматтардын мындай кырдаалдарга карата даярдыгынын жоктугун кескин сынга алды:

-Көп службалар карды тазалаганга даярдыгы жоктугун көрсөтүп койду. Биздин Кыргызстандын шартында аба ырайынын кесин түрдө оорлошуп турган мезгилде министрлдиктин керектүү учактары болушу зарыл. Менин билишимче бул министрликте вертолет жок.

Атуулдук коргонуу кызматынын маалыматына караганда кардын көп жаагандыгынын айынан Алай жана Өзгөн райондорунун аймагында да өзгөчө абал пайда болуп, жол катнашы кыйындаган.

Ош облустук билим берүү жана жаштар маселелери боюнча башкармалыктын башчысы Гүлайым Машырапова түзүлгөн кырдаалга байланыштуу облустун аймагындагы мектептерге 10 күндүк эс алуу жарыялангандыгын билдирди:

- Өзгөн районундагы Кызылтуу айыл өкмөтүндөгү Эркинтоо, Мырзаке айыл өкмөтүндөгү Адыр, Заргер Сатыбалды Кадыров атындагы мектептердин чатырлары түшүп калды. Тоолуу айылдарда мектептерге чейин 2-3 км. аралыктары бар. Ошонун баарын эске алып, министрлик менен макулдашып биз 10 күнгө балдарга каникул бердик.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров мырза Каракулжа районундагы өзгөчө кырдаал боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүү маселелерин ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG