Аны утурлай Лондонго барган Ооганстандын президенти Хамид Карзай өз өлкөсүнө көрсөтүлчү жардамдын көлөмүн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен талкуулады. Эртең Лондондо ачыла турган 2 күндүк конференцияда ооган өкмөтү жана эл аралык донорлор Ооганстандын болочок өнүгүү планын талкуулашат. “Ассошиэйтед пресс” агенттиги билдиргендей, 2011-жылга чейинки мөөнөттү камтыган өнүгүү планына ылайык, Ооганстанда күнүнө 1 доллардан азыраак акчага жашаган жакыр адамдардын санын жылына 3%ке азайтуу каралган.