Брюссел менен Лондондо чогулган дипломаттар Ирандык өзөктүк программасынын тегерегиндеги кризисти талкууга алышты. Брюсселде Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү чогулушту. Лондондо Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө өлкөлөр – Британия, Франция, Орусия, АКШ жана Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушуу өткөрүүдө.