Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

МУРДАГЫ МАМЛЕКЕТ ЖЕТЕКЧИЛЕРИН СОТТОО - ТАТААЛ МАСЕЛЕ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы жылдарда дүйнөнүн бир нече мамлекетинин мурдагы жетекчилерине каршы сот жүрүп жатат, бирок аларды күнөөлүү деп табуу сот үчүн өтө татаал маселеге айланууда. Түштүк Кореянын мурдагы эки президенти жана Африканын Руанда мамлекетинин мурдагы премьер-министринен башка жетекчилер азырынча күнөөлүү деп табыла элек жана жүрүп жаткан айрым соттордо алардын күнөөсү далилденээри да күмөн.

Югославия менен Сербиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичке каршы сот Гаага шаарындагы Эл аралык трибуналда төрт жылдан бери уланууда, бирок ал качан аяктаары жана деги эле аяктай турганы бир кыйла күмөн. Милошевичке каршы өтө көп күнөө коюлган - алар Косово автономиясындагы, Босния жана Хорватия мамлекеттериндеги адам укуктарынын бузулушу жана аскерий кылмыштар менен байланыштуу.

Өтө көп күбө суралып, абдан көп далил текшерилип, Милошевич өзүнө өзү адвокат болуп жана ал көп ооруганы менен байланыштуу сот дагы көп жылга улана тургандай. Акыркы күндөрдө болсо ал дарыланууга Маскөөгө жиберилиши мүмкүн деген да маалыматтар пайда болду жана эгер ал Орусияга кетсе, кайра сотко кайтып келбей да коюшу мүмкүн.

Мурдагы жетекчиге өтө көп күнөө коюлганда сотту аягына чыгаруу татаал маселеге айланат деген ойду Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге каршы жүрүп жаткан сот жокко чыгарат. Ага каршы былтыр ноябрда башталган сот көптөгөн күнөөнүн ичинен бир гана окуя боюнча жүрүп жатат. Бир нече күнөөнүн ордуна ага - 1982-жылы Дужейл шаарында 148 адам өлтүрүлгөнү менен байланыштуу бир гана айып тагылып, сот ылдам бүтөт деп пландалган, бирок анын башталышы эле бир нече айга уланып кетти жана ар башка себептерден улам токтотулууда.

"Хюман райтс вотч" деп аталган адам укуктарын коргогон уюмдун эксперти Рид Бродинин айтымында, Саддамга каршы далилдер күчтүү: "Саддамга каршы коюлган күнөөлөр өтө олуттуу жана алар боюнча дилилдер өтө күчтүү. Анын режими учурунда орун алган кылмыштар боюнча дүйнөгө чындыкты сот аркылуу айтуу мүмкүн. Бирок трибунал түзүлгөн ыкма жана анын толук көз каранды эместигинен улам бул иш Саддамдын пайдасына айланып баратат", - дейт Броди.

Багдад шаарында өтүп жаткан сотко ирактык гана күбөлөрдү чакырып суроо мүмкүн, андан тышкары, күнөөсүз адамдарды атып өлтүргүлө деп Саддам кол койгон буйруктарды же ал өз колу менен кимдир бирөөнү өлтүргөн фактыларды табуу кыйын.

Дал ошондой эле себептерден Чилинин бир кездеги президенти Аугусто Пиночетке каршы дагы бир нече жылдан бери орчундуу сот ишин баштоо кыйын маселеге айланды. Бул жагынан алганда, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда болгон мыкаачылыктар боюнча Нюрнберг шаарында уюштурулган сот жакшы мисал боло алат, бирок андай кеңири иш баштаганга азыркы дүйнө жетекчилери батынбай жатат.

Анткен менен Түштүк Кореянын мурдагы эки президенти Ро Дэ У жана Чон Ду Хванга каршы бул өлкөнүн жаңы жетекчилиги эч кандай эл аралык трибунал уюштурбастан, өздөрү сот жүргүзүп, аларды 1996-жылы соттоду. Бул эки адам 1979-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, бийликке келгени жана 1980-жылы Кванжу шаарындагы элдик козголоңду мыкаачылык менен басканы үчүн күнөөлү деп табылды. 1994-жылы Африканын Руанда мамлекетинде болгон кыргын үчүн дагы бул өлкөнүн мурдагы премьер-министри Жан Камбанда күнөөлөнүп, 2000-жылы атайын уюштурулган эл аралык трибунал тарабынан соттолду. Аталган үч жетекчи тең өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилди.

XS
SM
MD
LG