Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

ООГАНСТАНДА “ТЕРРОРИСТ” ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ТОГУЗ АДАМ КАРМАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Ооганстандык ырасмий өкүлдөр 28-29-январь күндөрү өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында “террорист” деп шектелген тогуз адам кармалганын кабарлашты. Алардын экөөсү пакистандык, калган жетөөсү оогандар деп айтылууда. Ошол оогандардын ичинде Талибандын башчыларынын бири да бар экенин жана ал Аль-Каида террор уюму менен да байланышта болгондугун билдирдишти. Бул кабар бир канча айдан бери катарма-катар 20 жанкечти өздөрүн жардырып, дагы бир топ көчөлөрдө миналар атылгандан кийин айтылып жатат. Анын үстүнө, бүгүн Лондондо Ооганстанга эларалык жардам көрсөтүү боюнча конференция да башталмакчы.

Лондондо ушу күндөрү Ооганстандын келечегин чечүүчү эки күндүк конференция өтүп жаткан учурда “ооган жеринде талибдер ири чабуулдарды жасашпаса экен” деп, өлкөнүн жетекчилиги чындап чочулап турган чагы.

Бүгүн ооган президенти Хамид Карзай Лондондо баштала турган конференцияга катышат. Анда Британиянын премьер-министри Тони Блэр, Улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана 70 мамлекеттен келген делегаттар болушу күтүлүүдө. Соңку бир канча жылдардан бери Ооганстанга чет-өлкөлүк мамлекеттер миллиарддаган долларлык жардамдарды көрсөтүп келатышат. Бирок ооган эли дале жакырчылыктан чыга элек.

Ошол эле учурда өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү аймактар акыркы айларда бир катар ири чабуулдардан олуттуу жабыр тартты. Ал эми соңку күндөрү ооган улуттук армиясы бир катар шектүү адамдарды кармады.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлү Захир Азими “Азаттыкка” билдиргендей, кармалгандардын арасында талибдердин катарындагы амалдуу жол башчылардын бири “Молдо Жанан” дагы бар экен.

- Ооганстандын Улуттук армиясы түштүктө коопсуздукту күчөткөн болчу. Ошол аракеттердин негизинде Кандагардын Ловалла деген бөлүгүндө Молдо Жанан кармалды. Ал алгач өзүн “Молдо Салех” деп атады. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында анын аты-жөнү “Молдо Жанан” экенин аныктадык, - дейт Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү.

Бир түшүнүксүз жери – ооган күчтөрү жана америкалык аскерлер баштаган коалиция буга чейин да бир эмес, үч жолу, 2003-жылдын майында, кийин октябрда, андан соң өткөн жылдын августунда, ошол эле Молдо Жананды кармашканын кабарлаган эле. Кармалган молдо үч жолу камактан чыгарылып, кайра кармалып жатабы, же буга чейинки кабарлар жалган беле – азырынча айтуу кыйын.

Канткен менен ооган жеринде “Молдо Жанандар” кара иттин капталынан – бул өтө эле көп кездешчү ысым. Андыктан талибдердин көпчүлүк башчылары өздөрүн Молдо Жанан деп атап алышат экен.

Колго түшүрүлгөн тогуз адамдын экөөсү пакистандыктар экени ырасталды. Исламабад менен Кабул ортосунда араздашуу эми күчөй тургандай. Анткени Ооганстандын оогандар түштүктө террор актыларына, көчөлөрдө миналардын атылышына пакистандыктардын түздөн-түз тиешеси бар дешет.

XS
SM
MD
LG