Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

ИПОТЕКА АЗЫРЫНЧА КЫЯЛДА ГАНА


24-марттагы белгилүү окуялардын уландысы Бишкектин айланасындагы бош турган жерлерди басып алуу менен коштолгону жалпыга маалым. Жаңы бийлик социалдык оор проблеманы чечүүнүн жападан-жалгыз аргасы катары ипотекалык кредитке көп кабаттуу үйлөрдү салуу демилгесин көтөрүп чыккан. Азырынча ал сөз жүзүндө гана калып, бийликтин убадасына ишенгендер үй алалбай жүрүшөт.

Өткөн жылдын май айында «Жал» кичирайонунда ипотека кредитине үй салууну баштоо аземине а кездеги президенттикке талапкер К.Бакиевдин өзү катышкан. Бишкектин туш тарабындагы бош турган жерлерди 24-марттан кийин апыл-тапыл ээлей баштаган элдин алдына келген бийлик жетекчилеринин а кездеги айткан-дегени жалаң гана ипотека кредитине көп кабат үйлөрдү салуу болуп калган. Көжөлгөн көпчүлүктүн кыйласы жаңы бийликтин убада сөзүнө ишенген. Ошондойлордун биртобу – 198 адам «Жал» кичирайонунда курулчу үйгө делген алгачкы насыя акчасын төгүшкөн.

Ошол эле жерде «Алтын казык +» турак-жайчылардын коому түзүлүп, жаңы ишке кошумча катары республикалык бюджеттен 11 миллион ашуун сом, шаар казынасынан 5 миллион ашуун сом, баш-аягы 17 миллион сом бөлүнүп, ипотекачыларга «Жал» кичирайонунан бекерге жер берилген. Коом мүчөлөрү 20 миллион сом чогултушкан. Алардын айрымдары ээлеп отурган бир көмүт жатакана үйлөрүн сатып, ашып барса август айында бүтчү жаңы турак-жайга эртең эле көчүп кирчүдөй айткан акчаны издеп жүрүп табышкан. Мына босогодо кыш ортосу, чыкылдаган аязда «Алтын казык +» коомунун мүчөлөрү күндө күн алыс бала-чакасын ээрчитип, болочок үйдү акмалап жүрүшөт. 198 адамга тийчү үч үйдү бүткөрүүгө адистердин ырасташынча, 108 миллион сом керек. 37 миллион акча эки үйдү тикелөөгө, сырткы эшик-терезесине араң жетти. Үчүнчү үй жарым-жартылай тикеленип турат.
- Сентябрь айында өкмөт момундай убада берген. 1-январдан баштап 200 миллион сом ипотека кредитине берилет дешкен. Мына январь да келди, этектеп баратат. Бизге эми бийлик мындай шарт коюп жатат. Ипотека чечилбей калды, ар бир үлүшчү өзүнө тиешелүүсүн төлөсүн, деп жатышат,- деп билдирди иштин чоо-жайын «Алтын казык +» коомунун жетекчиси Осмон Рыскулбеков.


Башкалаадагы көп кабат үйлөр курулушун жетектеген шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов иштин чоо-жайын башкача түшүндүрөт.

- 30-ноябрда 100% төлөп беребиз деп кол коюп беришкен. 22% он күн ичинде төлөп берүүгө убада кылышкан. Ошол келишим боюнча мына бул үйлөр берилсин деген токтом чыккан. Мына жумуш туруп калды. Эки айдан бери ары тартышып, бери тартышып жатабыз. Кайсы жерден болсо да каржы маселеси чечилип, үй бүтүп, эл кирип калса жакшы болот эле.

«Алтын казык +» коомунун мүчөлөрү курулушка калган акчаны төлөөгө макул. Аны өкмөт убадасына туруп ипотекалык кредит бөлүп берсе 10 жыл ичинде алынган карыз акчаны кайтарып бермекчи.

- Тактоо да Сталбек, жанагы 22% төлөйсүңөр деген. Биз ал шартка көнүп 22 – 23% төлөдүк.

Тек ушу тапта 2005-жылдын жазында берилген убадалардын көбү ишке ашпай, теңине жакын акчасын төлөп койгондор үйсүз калуу коркунучу башбактап турат.

- Калганынан качканыбыз жок. Бизге ипотека берилсе төлөп эле коебуз. Ипотека бекер берилбейт. Ал үстөк пайызы менен 5 же 10 жылга берилет. Биз ошого дайын болуп келгенбиз,-- дейт өзүн Алмаш деп тааныштырган коомдун мүчөсү.

Анын пикирин Асыл деген айым колдоп, коом мүчөлөрү кандай айла табууну биле албай турушкандыктарын айтты.

- Эгер эртең мэрия же өкмөттөн кысым болуп, «акчаңарды алып кеткиле, чыгып кеткиле» деп чыгара баштаса, бул элдин 4 – 5 айдан берки компенсациясы бар. Бул эл жөн чыгып кетпейт. Мына өткөндө мэрияга Ч.Алымкуловго барып, аны эскертишти. Бирөөбүздү эле чыгарып көргүлө, өзүбүздү өзүбүз өрттөйбүз, дешти. Бул мэриянынбы же өкмөттүнбү – алдамчылыктын конторасы болуп жатат. Элди алдап акчасын алат, үйдү курат, анан аны акчалууга берем деген саясат – туура эмес саясат. Өкмөттө элди ойлогондор отурабы?

Каржы маселеси чечилбесе курулушту жүргүзүп аткан «Азат» үй куруу комбинаты ишин токтотушка мажбур болору турулуу иш. Андан да өкүнүчтүүсү, башында демдүү чыккан ипотекалык курулуш демилгеси сууйт. Жакында өкмөт башчы Ф.Кулов ири курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуп, элге арзан, көп кабат үйлөрдү куруу зарылдыгын белгиледи. Анткен менен эмдиги жыл бюджетине капиталдык салымдарга делинип болгону 265 миллион сом гана каралган.

XS
SM
MD
LG