Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

КЫТАЙДА ЭЛДИК ТОЛКУНДООЛОР ӨСҮҮДӨ


Кыргызстандагыдай социализмден баш тартпаганы менен, Кытайдада барган сайын капчыгы калыңдар гана сапаттуу билим алып, саламаттыгын чыңдай ала турган социалдык теңсиздик улам тереңдеп баратат. Бир эле мезгилде, экономикалык өсүштүн артынан түшкөн жергиликтүү партактив айлана-чөйрөнүн булганышын жана анын аркасында калктын ден-соолугуна зыян келишин көзгө илишпейт. Булардын бардыгы Кытайда элдик толкундоолордун улам көбөйүшүнө алып келүүдө.

Соңку кездери Жейяң провинциясында январда чыкккан элеттеги толкундоолорго айрыкча көңүл бурулуп келди. Бирок Коомдук коопсуздук министрлиги жарыялаган маалыматка ылайык, өткөн жылы 87 миң демонстрация, нааразылык акциялар жана тополоңдор чыккан. Бул алдыңкы жылдагыдан дээрлик 7 пайызга жогору. Министрлик ошондой эле мындай толкундоолор узак мезгилдүү көрүнүш экендигин жана бийликтер "душмандарга каршы ар кырдуу күрөшкө" катуу даярданып жаткандыгын кабарлады.

Чынын айтыш керек, Кытайда бийликтер жалаң эле нааразыларды куугунтуктоо менен чектелбестен, социалдык жыргалчылыктардын жок дегенде бир бөлүгүн калыбына келтирүүгө далалаттанууда. Бирок адистер бул максатты иш жүзүнө ашыруу татаал жана өтө чыгашалуу экендигин белгилешүүдө.

Британиялык сасясат таануучу Рана Миттердин айтымында, кытай бийликтери бүгүн өткөндөгү Марксисттик иделогияны эмес, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдөгү азыркы социалдык демократиясынын үлгүсүнө артыкчылык беришет. Бирок албетте 1 миллиард 300 миллион калкы бар өлкөдө мындай системаны жүзөгө ашырып, иштетүү оңой эмес:

Мамлекет чыныгы социалдык жыргалчылыктарды калыбына келтирүүгө керек болгон ресурстарды бөлүүгө даяр эмес. Айрыкча, айылдарда бул оңой эмес. Ошондуктан бул жаатта дээрлик эч кандай таасирдүү аракеттер көрүнбөй келет,-/i> дейт Миттер.

Кытайда сапаттуу дарылануу жана билим алуу барган сайын карапайым кытайлыктар үчүн кол жетпеген көрүнүшкө айланып баратат. Ал эми нааразылык акциялардын айыл жеринде айрыкча көп болушунун себеби, партиялык жетекчилери жер сатуучулар менен биригип алып, дыйкандардын жерин арзан алып койгон учурлардын көбөйүшүнө байланышкан. Парткызматкерлер ошондой эле экономикиалык көрсөткүчтөргө гана кызыккандыктан, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян менен эсептешпей, элеттиктердин ден-соолугуна эбегейсиз зян келген учурлар катталган. Январ айында, биз жогоруда сөз кылган Жейяң провинциясындагы козголоң жаңы курулган химиялык заводдор жерди жана сууну булгап жатат деген эскертүүлөргө көңүл бурулбагандыктан улам чыккан эле. Башында бир ууч киши жолду бөгөшсө, бара бара миңдеген киши көтөрүлүп, акыры химиялык заводдордун жабылышына жетишишти. Ушул эле аймакта, тартип коргоочулар чабуулга даяр турганына карабастан, айыл тургундары дары-дармек чыгаруучу заводго кол салгандан кийин, завод жабылып калды.

XS
SM
MD
LG