Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн стабилдүүлүк керек


БИШКЕК. Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк болсо, үстүбүздөгү жылы ички дүң продукциянын өсүшүн 8 пайызга жогорулатууга болот. Мындай пикирин премьер-министр Феликс Кулов өнөр жай, соода жана туризм боюнча министрлигинин коллегиясында айтты. Аталган министрликтин жетекчиси Алмаз Атамбаев буга чейин Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү боюнча саясат жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеп өттү. Ал белгилегендей, өнөр жай тармагында мындан ары башкы максат - жаңы өнөр жай объектилерин куруу, иштебей турган объектилерин иштетүү болот.

XS
SM
MD
LG