Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Бейөкмөт уюмдар текшерүүгө каршы экенин президентке билдиришти


БИШКЕК.1-февралда өлкөдөгү жүзгө жакын бейөкмөт уюм алардын ишмердүүлүгүнүн юстиция министрлиги жана тартип коргоо органдары тарабынан текшерилишине каршы экендиктерин билдирген кайрылууну президент Курманбек Бакиевге жолдошту. Буга чейин кыргыз бийлиги өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын мыйзам чегинде иштеп жаткандыгын текшерип чыкмакчы болгон. Адилет министри Марат Каипов бейөкмөт уюм катары катталып алып, бирок, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келген, экстремисттик мүнөздөгү иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан, ишмердүүлүгү шек туудурган айрым бейөкмөт, коомдук уюмдар тешерилет деп түшүндүргөн. Министрдин билдирүүсү дароо эле бейөкмөт уюмдар арасында нааразылыкты пайда кылган. Алар мындай кадамды демократиялык принциптерге кол салуу аракети катары сыпатташкан.

XS
SM
MD
LG