Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

АКСЫНЫН АРМАНЫ ДАГЫЛЕ АРЫЛБАЙ КЕЛЕТ


Жаңыдан жаралган жагдайлардан улам 3-февралда Кыргызстандын Жогорку соту 2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы алааматы боюнча ачылган кылмыш иштерин кайрадан териштире баштады. Эртең менен башталчу сот жыйыны кенен орун жоктуктан түштөн кийинкиге жылдырылып, сот иши Кыргызстан профсоюздарынын кең залына көчүрүлдү.

Соттун жүрүшүндө жабырлануучу тарап менен акталгандардын бир тобу суралды. 2002-жылдын январында Кытайга берилип кеткен Үзөңгүкууш маселесин баса козгоп, президент А.Акаевдин саясатын ачык сындап чыккан парламент депутаты Азимбек Бекназаровду камакка алуу тууралуу санкцияны Жалалабад облусунун а кездеги прокурору Зоотбек Кудайбергенов башкы прокурор Чубак Абышкаевдин көрсөтмөсү боюнча жасаганын сот жыйынында ырастады.

- Чындыкты айтып берейин, мурда айткан жок элем. А.Бекназаров камаларга жакын Бишкекке келгем. Келсем бул жерде мени Ч.Абышкаев чакырып алып «санкцияны ушуга бересиң» деп материалдын баарын берген. Муну мен 2002-жылы эле айткам. Анан баягы эле саясый нерсе, З.Кудайбергенов жооп бериши керек, башка эчтеке жок.

2002-жылкы окуядан кийин кыйла кечигибирээк башталган тергөө жыйынтыкталып, Аксынын борбору Кербен айылына келаткан тынч элди жолдон тоскону үчүн район менен облустун күч кызмат жетекчилеринин биртобу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сот өкүмүнө нааразы болгон аксылык 5 азаматка каршы ок аткан, ага буйрук берген деп, дегеле бул ишке түздөн-түз жоопкер жогорку кызмат адамдары жазасыз калганына нааразы болгон эл Бишкекке чейин жөө жүрүш жасап, бирок да адилеттикке жете албай калышкан.

Кылмыш ишин тергөө кыйла эле бир жактуу жүргөнү, ага укуктук баа берилбей, биртоп негиздүү жүйөөлөр тергелбей, аныгына жетпей калганын белгилеп Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жаңы ачылган жагдайга байланыштуу ишти кайра кароо тууралуу Жогорку сотко түшүндүрмө жөнөткөн.

2002-жылдын 17-мартында Аксынын Боспиек айлында болгон кандуу окуянын чоо-жайын милиция огунан жабыркап, эки кабыргасы, өпкөсүнүн жарымынан ажыраган, курман болгондордун катарына жаткырылып калган жеринен табылып, аман калган Назарбеков Анаралы сотто көрсөтмө берген:

- Мобу колуму тебелеп ташты карматып туруп «сен өлүшүң керек», деп айткан, ошондо мен өлүшүм керек экен да. Үнүм чыкпай жалдырап жатсам, «сен өлүшүң керек» дешти. Өлгүдөй сабаган мени булар. Өлүктөргө кошуп КамАЗга жүктөп оорукананын өлүкканасына алып барган. Ошол жерде моргго түшүрүп атса бир аял чыркырап чыккан. «Эй, айланайын, кыргыз, мынабу бала тирүү экен го, колу кыймылдап атат» деп мени ооруканага киргизишти суранганы дагыле кулагыма угулуп турат.

Уулу Боспиекте окко учкан Момбек Четинбаев да бейжазык элге ок атышты деп көрсөтмө берген:

- 18инде Кербен дары жыттанып кетти го. Тим эле Берлинди алгансып татыратып асманга атып атышты го. Шончолук ок-дарыны Баткендеги баягы «басмачыларга» жумшаса болбойт беле. Ошондо бир жоокер экиден ок атып жалдырап отуруп калды го.


- Ошол пикетте менин баламы аткан. Беш бала атылды. Бешөөнүн үчөөнүн башына аткан. Кыл мергенчи экен булар. Экөөнүн ичине аткан. Бирөө район борборунда таяктан өлгөн. Андан башка 20 чакты улан-кыздар жарадар болушту, жанагы балдардын кабыргалары жок,-деп айткан сотто жабырлангандардын бири Бейшембай Үркүнбаев.

2002-жылы Аксы ички иштер бөлүмүн башкарып турган Данияр Кулуев мурдагы сотто берген көрсөтмөсүнөн башка эч нерсе айта албастыгын ырастады.

Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкери Алик Ракишев «Алга, алга» деген сүрөөндү телеоператорлорго айттым эле деп билдирди:

- Ошондо күлкүгө салып, курч кырдаалды жумшартканым үчүн эле тамаша катары «Ай, аксакал машинага праваңыз барбы» дегем.

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров Аксы окуясы дагыле жакшы тергелбей, мурдагы күнөөлүү деп табылган адамдар кайра суралып, чыныгы күнөөлүүлөр бул ирет деле тергелбей калганына нааразы экенин жашырган жок.

- Жаңы жагдайды жаңы башкы прокурор мынабул жагдай деп көрсөтүшү керек болчу. Бардыгы Акүйдө болгон нерселер да. Мен ошолорду тергетип жаткам. Мына мен кеткенден кийин мынабул бечараларга асылып жатышат, буларды сотко алып келип атышат. Тигилер калып атышат. Алар баары калып калды. Б.Жанузаков, А.Карыпкулов, Ч.Абышкаев жок. Кылгылыктын баарын ошолор кылышкан,-деди Азимбек Бекназаров.

Жогорку сот коллегиясы дүйшөмбүдө ишин улантат.

XS
SM
MD
LG