Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Жер абасынын ысышы Тибеттин темир жолуна коркунуч келтирет


Бул тууралуу кытайлык окумуштуу, тоңгон жер кыртышы боюнча адис Ву Зиваң эскертүү жасады. Чиңгай-Тибет тоо кыркасынын бир топ аймактарында 30 жылдан бери мурдагыдай тоңбой, жер чөгө баштаган. 1 миң чакырым келген Тибет аркылуу өтүүчү Гималай темир жолу өткөн күздө бүткөрүлгөн, ушул жайда ал аркылуу поезд жүргүзүп көрүшмөкчү. Айрым жерлерде 5 миң метр бийиктикте өткөн темир жолду жаратылышка зыян келтирип, миграцияны күч алдырып, Тибеттин маданиятына сокку урат деп сынга алып келишет.

XS
SM
MD
LG