Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

ТАБЫЛГАН АКЧАНЫН ЭЭСИ КӨП


Быйылкы жыл бюджети тууралуу мыйзам долбоорунун экинчи окулушундагы кызуу талаш-тартышты чакырган проблема - кошумча табылган 811 миллион сомду кантип бөлүштүрүү болду. Кошумча акчанын кыйласы билим берүү, саламаттык сактоо, жол сындуу өзгөчө маанилүү делген тармактарга үлөштүрүлдү.

Өкмөт сунуш кылган 2006-жыл бюджетине кошумча киргизилген 811 миллион сом парламенттин комитет жыйынында бир нече ирет такталып, кайсы тармакка канча акча бөлүнөрү эсептелинип чыккан. Парламенттин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков акчаны кантип бөлүүнү аткаруу бийлик өкүлдөрү менен кеңешип чечишкенин маалым кылды:

- Ушу 40 миллионду биз Жогорку Кеңеш бюджетине коштук. 145 миллион сом экен, ага 40 миллион кошсок 185 миллион сом болот экен Жогорку Кеңеш бюджети. Дагы бир 3 – 5 миллион сомду каржы министри экөөбүз табабыз. Бул кечээки сиздер алган чинге, айлык акыга кетчү акчалар.

Быйылкы жылдын бюджети социалдык багытта деп мактаныч кылып айтканыбыз менен ал өнүгүү бюджетине көтөрүлө албай жатат деп билдирди депутат Жантөрө Сатыбалдиев.

- 24-марттан кийин бардыгыбыз эле турмушубуз тез оңолуп кетет деген ой менен жашадык эле. Бирок андай жыйынтыкка жете албай калдык го деген оюм бар. Себеби көп эле суроолор болду, 2006-жылдын бюджети башка бюджеттерден эмнеси менен айырмаланат дешти. Мен айтат элем, эчтеке менен деле айырмалана алган жок. Ал мурунку канча бөлүнгөнгө реалдуу өсүштү кошуп туруп көбөйтүп бөлүп коюу менен чектелди.

Кесиптешинин пикирин улап, депутат Авасбек Момункулов быйылкы жыл бюджетин абалы оорлошуп бараткан экономиканын көрсөткүчү катары сыпаттады:

- Бул өзү абалы абыдан оорлошуп жаткан биздин экономиканын күчтүү бюджети. Бирок ал бутун тыбыратып жан берип жаткан социалдык блокту жандантчу бюджет болууда. Социалдык тармакка канча акча жумшалып жатканын өзүңөр көрдүңөр.

Бюджеттин социалдык багытка өзгөчө басым коюшу 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийинки калктын үмүт-тилегине кайчы келбестигин депутаты Муратбек Мукашев да белгиледи.

- Бир нерсени айтып коеюн, 2005-жылга салыштырмалуу бул жылкы бюджетке социалдык максатка деп 1 миллиард 890 миллион сом арбын жумшап жатабыз. Бул да көңүл жубантчу нерсе. Ошондуктан мен сиздердин көңүлдү өкмөт өзгөчө маани берүүгө тийиш маселеге бургум келип туру. Ички-тышкы карыздар 7 миллирад сомду түзөт, бул 28% дегенди түшүндүрөт.

Муратбек Мукашев өкмөт ириде ички-тышкы карыздарды дыкат текшерип, тактап-аныктап чыгышы керек, деген пикирин билдирди. Себеп дегенде карыздарды төлөөнүн оор жүгү барып-келип эле бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшүүдө. М.Мукашев кийинки кездери Кулов – Бакиев мунасасы саясий оюндардын оромпоюна айланып баратканын да айта кетти.

- Президент жокто премьер-министр билдирүү жасашка моралдык акысы барбы? Анын да өкмөт башчы өзү жетектеген «Арнамыс» партиясы мамлекет башчысына каршы чыгышын кайсы моралга киргизебиз? Мындай суроолор абыдан көп. Мен өзү Ө.Текебаев менен Ф.Куловдун экилтиги дагы күчтүү болушун каалайм. Бирок ал кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталсын.

Жаңы бюджеттин аткарылышы үчүн өлкөдө ириде саясий туруктуулук болушу абзел. Парламент депутаты Искендер Гаипкулов өлкөнүн экономикалык документи өкмөттүн кысмагы жок, ачык-айкын кабыл алынды деген пикирде.

- Бюджетти талкууда өкмөт, президент тарабынан мурдагыдай кысым болгон жок. Депутаттар өз ою менен, өздөрү билгени боюнча ачык карап чыгышты.

9-февралда бюджет мыйзамы үчүнчү окууда, айрым сандарды, көрсөткүчтөрдү тактоо аркылуу толугу менен кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG